Пятница, 19 апреля

“Манас” эпосунун дагы бир варианты ЮНЕСКОнун тизмесине кирди

0

ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле президент Садыр Жапаровго манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү тууралуу сертификат тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, өлкөгө расмий сапар менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени президент күн мурун кабыл алган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын алуу, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы кызматташтыкты, ошондой эле биргелешкен программаларды ишке ашыруу боюнча мындан аркы пландарды өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз