Пятница, 19 апреля

Эртең өлкөдө чоң ишембилик өтөт

0

10-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин жетекчилиги менен республикада айлана-чɵйрɵнү тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык акция ɵтөт.

Мекеменин маалыматына ылайык, иш-чаранын максаты – коомчулукка таштандыларды ылгап ыргытуу көндүмүн жайылтуу, экологиялык маданиятты арттыруу.

«Бардык жарандарды акцияга кошулууга, кɵчɵлɵрдү, айылдарды, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чакырабыз. Мындай иш-чара өткөн жылдын октябрында алгачкы жолу уюштурулуп, 600 тоннадан ашык таштанды чогултулган. Ага 133 508 киши катышкан. Бардык таштандылар сорттолуп, кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан чыгарылган. Бул жолку акция дагы жогорудагы алгоритм менен ɵткɵрүлɵт», — деди министрликтен.

Мындай иш-аракеттер Садыр Жапаров кол койгон «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө» жарлыкты ишке ашыруунун алкагында өтүп жаткандыгы кошумчаланды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз