Суббота, 18 мая

Бишкекте өтүүчү футболго байланыштуу унаа кыймылына чектөө киргизилди

0

Бүгүн, 10-июнда 20:00дө Бишкекте Кыргызстан — Афганистан футбол беттеши өтөт. Ага байланыштуу борбордун негизги көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан, беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Ошентип, саат 16:00дөн баштап оюн бүткөнгө чейин төмөнкү көчөлөрдө унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет:

— Тоголок Молдо көчөсү, Чүй простпектисинен баштап Фрунзе көчөсүнө чейин;
— Фрунзе көчөсү, Тоголок Молдо көчөсүнөн баштап Панфилов көчөсүнө чейин бөлүктөрү унаалардын кыймылына жабык болот.

«Жолдо жүрүү эрежелерин жана айдоочулук маданияттуулукту так сактоого, жогорудагы көрсөтүлгөн жол тилкелери аркылуу өтүүдө алдын ала маршруттарды тандап алууну эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз