Воскресенье, 19 мая

Төө-Ашуу тоннелиндеги жолду оңдоо иштери башталды

0

Бүгүн, 10-июндан баштап, Ош — Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу тоннелинин 129-500-чакырымынан тартып 129-750-чакырымына чейинки аралыктагы жолдун бир бөлүгүндө оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолду оңдоо иштери 30-июнга чейин жүрөт. Буга байланыштуу маал-маалы менен унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип турат.

Чектөө графиги:

Саат 05:00дөн 08:00гө чейин;

Саат 10:00дөн 12:00гө чейин;

Саат 14:00дөн 16:00гө чейин.

Айдоочуларга чектөөлөрдү эске алып, жол кыймылын алдын ала пландап алуу эскертилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз