Четверг, 9 мая

Бишкекте беш миң кишиге ипотекалык үй алуу мүмкүнчүлүгү берилет

0

Өлкө аймагында жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында мамлекет башчынын демилгеси менен ипотекалык үйлөр курулуп жатат.

Мындай ипотекалык батирлердин бири Бишкектеги №47 абактын ордуна салынууда.

Долбоор боюнча бул жерге 18, 24 жана 28 кабаттуу батирлер түшөт. Курулуш иши толугу менен аяктаса, ипотекага үй алуу үчүн кезекте турган беш миңден ашуун жаран турак жай менен камсыз болот. Бул ипотекалык шартта курулуп жаткан жалгыз турак жай эмес. Мындай көп кабаттуу үйлөр республиканын башка дагы аймактарына курулат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз