Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү

0

Казакстанда 12-июнь – Абай облусундагы өрттө каза болгондорго аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев 11-июнда өрттө мерт болгондордун жакындары менен жолукканда билдирди.

«Мен сиздерге көңүл айтайын деп атайын келдим. Бул биздин жалпы элибиз үчүн чоң трагедия, жоготуу. Мындай оор күндө күчтүү болуңуздар. Кайгыңыздарды тең бөлүшөм. Өкмөткө финансылык же башка керек болгон бардык жардамды берүүнү тапшырдым. Эгер өкмөткө же жеке мага айта турган кайрылууңар болсо, айткыла. Алардын баарын жасайбыз», — деди Токаев.

Азырынча каза болгондордун жакындары кандай сөздөрдү айтып, өкмөттөн эмне сураганы белгисиз.

11-июнда Казакстандын Экология министрлиги өзгөчө коргоого алынган «Семей токоюндагы» өрттө каза болгон токойчулардын аты-жөнүн сүрөттөрү менен жарыялап, алардын жакындарына көңүл айтты. Тизмеде 14 киши, анын ичинде бир аялдын ысымы бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз