Бүгүн Бишкекте ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, 12-13-июнь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында атайын концерттик программа уюштурулуп, ага түрк дүйнөсүнүн 100дөн ашуун искусство чебери катышат.
12-июнда Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде көргөзмөсү өтөт. Башталышы саат 14:00.
Ошондой эле саат 15:00дө А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин жазуучуларынын китеп көргөзмөсү жана уюмдун сыйлыктары тапшырылат.
13-июнда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында түрк дүйнөсүнүн улуттук кийимдеринин жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү уюштурулат. 40 манасчы манас айтып, чыгармачыл топтордун катышуусунда гала-концерт өтөт.
Түрк дүйнөсүнүн биринчи кызматташтык уюму ТҮРКСОЙ 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын ортосунда келишимдин негизинде түзүлгөн.