Суббота, 4 мая

Эми Бишкекте таштанды челектерден акыр-чикирлерди ташып кетүүгө тыюу салынат

0

Бишкекте эми таштанды челектерден акыр-чикирлерди ташып кетүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкекти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча агенттиктин директору Курманбек Молдокулов билдирди.

Анын айтымында, күзүндө таштандыны кайра иштеп чыгаруучу заводдун курулушу башталат. Мындан улам таштанды товар болуп саналат.   

“Таштанды челектин ичиндегинин баары муниципалитеттин менчиги болуп саналат, демек, эч кимдин алып кетүүгө акысы жок. Таштанды заводго толук жетиши үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте мыйзамга өзгөртүү киргизебиз. Аны бузгандар жазаланат”, — деди Молдокулов.  

Ал ошондой эле таштанды челектери толгондугун көрсөтүп турган датчиктер коюларын билдирди. Бул акыр-чикирди ташыган унаалардын кыймылын жөнгө салары айтылды. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз