Воскресенье, 19 мая

Түркияда дагы бир монументалдуу фонтан иштей баштады (Сүрөт)

0

Гладиаторлор шаарындагы Күбира фонтаны 2000 жылдан кийин кайра иштей баштады. Бул фонтан Түркиянын Батыш Анадолу аймагындагы археологиялык эстеликтери менен белгилүү Бурдур провинциясында жайгашкан. Учурда бул жерден фонтан суулары менен кошо таза, ичүүчү суу да агып турат Кибирадагы монументалдык фонтан 2016-жылы археологиялык казуулардын жыйынтыгында табылып, ошол эле жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Бул байыркы фонтан Маданият жана туризм министрлиги менен Бурдур губернаторлугунун колдоосу менен реставрациядан  өткөрүлдү.

Күбира 2000 жылдык керемет фонтан Рим империясынын тушунда тургузулган. Эки бассейнден турган бул фонтан байыркы Күбира шаарынын үчүнчү террасасында жайгашкан. Биздин замандын 23-жылдарында чоң жер титирөөдөн кийин фонтан кайра курулуп, 700 жылдан бери иштеп келгендиги тарыхый булактарда айтылат. Бийиктиги 7,5 метр жана диаметри 15 метр болгон эбегейсиз чоң фонтан колонналар менен бекемделген. Чатыры болсо конус түрүндө жабылган. Күбирадагы бул ири фонтандын түзүлүшү байыркы шаардын сууга болгон муктаждыгын кантип канааттандыргандыгын көрсөтүп турат.  Ошондой эле архитектуралык жана визуалдуулук эстетиканын сонун үлгүсү десек да болот.

Археологиялык казуулар, изилдөөлөр жана куткаруу иштери кызуу жүрүп жаткан Түркияда акыркы жылдарда көптөгөн тарыхый экспонаттар табылып, музейлерге алынып келинди. 2022-жылы археологиялык казуулардын саны боюнча дүйнө жүзү боюнча алдыңкы орунда турган Түркияда 713 археологиялык иш-чарада болжол менен 10 500 экспонат табылган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз