Воскресенье, 19 мая

Кыргызcтанда “Акылман” президенттик лицейи түзүлдү

0

Садыр Жапаровдун демилгеси менен  «Акылман» президенттик лицейи түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Окуп жаткандардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, Кыргызстандын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналары белгиленди.

Бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык, «Акылман» президенттик лицейи» түзүлдү.

Төмөнкүлөр белгиленди:

«Акылман» президенттик лицейине 6-класста окуп жаткан же аяктап жаткан окуучулар арасынан кабыл алынат;

аталган лицей Билим берүү жана илим министрлигине баш иет.

Министрлер кабинетине:

«Акылман» президенттик лицейинин педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акысын жакшыртылган шартта төлөө үчүн кам көрүү;

ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрүү тапшырылды.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги «Акылман» президенттик лицейин түзүү жана ишин уюштуруу боюнча чараларды жана ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрүшү керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз