Воскресенье, 19 мая

Израиль аскерлери 4 палестиналыкты атып өлтүрдү

0

Израиль күчтөрү Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин шаарына кол салып 4 палестиналыкты өлтүрүп, 42 палестиналыкты да жаралады.

Израиль армиясы ондогон бронетехника менен Женинге чабуул жасады. Тинтүү учурунда кээ бир үйлөргө израилдик снайперлер да жайгаштырылды.

Израиль күчтөрү тинтүүгө каршы чыккан жергиликтүү палестиналык жаштарга ок, газ жана үн бомбаларын атты.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Израиль аскерлеринин Жениндеги кол салууда 4 палестиналыкты өлтүргөнү, 42 палестиналыкты чыныгы октор менен жарадар кылганы белгиленди.

Жаракат алгандардын 9унун абалы оор экени айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз