Вторник, 7 мая

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчөт

0

Борбор калаанын бир катар аймагында 20-июнь күнү жарык өчөт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактары» ишканасы кабарлады.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09:00-13:00 — Дордой (1-көчө, Зайридин Кожонов көчөсүндө) конушунда;

09:00-17:00 — Москва көчөсүндө (№144 үйдө), Дордой (Эмгекчил, Ибраимов-3, Ибраимов-4 көчөлөрү) конушунда;

09:30-17:00 — 8-кичи району (№1Б үй), Шуберт, Лермонтов, Армейская жана Кийизбаева көчөлөрү;

09:30-17:00 — Карасаев, Горький көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Садовой, Гранитный, Береговой, Кокон тар көчөлөрүндө, Профсоюзный, Патрис Лумумба көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Балбан-Таймаш конушунда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз