Украинанын Куралдуу күчтөрү Крым жарым аралына HIMARS жана Storm Shadow ракеталары менен сокку урууну пландап жатат. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу билдирди.
«Биздеги маалыматтар боюнча, Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын аймагына, Крымга дагы «Хаймарс» жана «Сторм Шэдоу» ракеталары менен сокку урууну пландап жатат», — деди Шойгу Коргоо министрлигинин коллегиясында.
Ал эгер ракеталар атайын операциянын аймагынан тышкары жакта колдонула турган болсо, жооп катары дароо сокку уруларын белгиледи.
«Бул ракеталарды атайын операция жүрүп жаткан аймактан тышкары жакта колдонуу АКШ менен Улуу Британияны толук кандуу жаңжалга тартуу катары бааланып, Украинанын аймагындагы чечим кабыл алынган борбордук бөлүктөрүнө дароо сокку урулат», — деди Шойгу.