Понедельник, 6 мая

Бишкектеги мектептерди кайгуулчулар көзөмөлдөөгө алды

0

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында орто билим берүү мектептерде кайгуулдарды уюштуруп жатышат.

Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Башкармалыктын кызматкерлери бүгүн Бишкек шаарындагы мектептердин баардыгына бөлүнүп, мектеп алдыларында жол коопсуздугун камсыз кылышып, мектептеги иш-чарага катышып, мектеп окуучулары жана ата-энелери менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.
Бүтүрүүчүлөр майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдашып, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулуп, ичимдик ичип, унаа башкарып мыйзамсыз иштерге катышып калбоосун эскертишүүдө.
Рейддин максаты жаш өспүрүмдөрүнүн жол-транспорт кырсыктарына жана мыйзам бузууларга кабылуусун алдын алууга багытталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз