Пятница, 17 мая

Өлкөдөгү мыкты мектептер аталды. Тизме

0

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү мыкты мектептердин тизмесин жарыялады. Белгиленгендей, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча алдыңкы иш тажрыйба үлгүлөрү, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрү жана жетишкендиктери менен айырмаланган бир катар мектептер сыйланды.

Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен 2022-жылдын февраль айынан тартып өлкө аймагында мыкты мектептерди тандоо боюнча иш чара уюштурулуп келет.

Жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоо үчүн атайын көз карандысыз калыстар тобу түзүлүп, жыйынтыктар чыгарылды. Калыстар тобунун сунушу менен «Эң мыкты» деп табылган мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологиялар менен жасалгаланат.

Мыкты деп таанылган жалпы билим берүү уюмдарынын рейтинги менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз