Суббота, 18 апреля

Лабораторияда жасалган тоок эти сатыка чыгат

0

АКШнын айыл-чарба министрлиги биринчи жолу лабораторияда жаныбарлардын клеткаларынан өндүрүлгөн тоок этинин сатылышын бекитти.

Upside Foods жана Good Meat компаниялары лабораторияда чыгарылган эттерди сатуу үчүн АКШнын айыл-чарба министрлигинен уруксат алганын жарыялады.

Good Meat фирмасынан берилген маалыматта бул уруксаттын түздөн түз  жаныбарлардын клеткаларынан өндүрүлгөн тоок этинин эми америкалык керектөөчүлөргө сатыла алат деген мааниге келгендиги белгиленди.

Мындан мурда АКШ азык түлүк жана дары-дармек башкаруусунун сөз болуп жаткан эттин жегенге коопсуз экендигин кабыл алгандыгы эске салынган билдирүүдө Good Meat фирмасынын 2020  жана  2021–жылы да Сингапурда лабораторияда өндүрүлгөн тоок эти үчүн көптөгөн жөнгө салуучунун уруксатын алгандыгы билдирилди.

Билдирүүдө Good Meat тарабынан чыгарылган биринчи тоок этин ашпозчу жана ресторан ээси Хосе Андрес тарабынан АКШнын борбор шаары Вашингтондогу бир ресторанда сатыкка коюла тургандыгы белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз