Воскресенье, 19 мая

Мадумаров камалабы?

0

Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Маселе 22-июнда жабык эшик артында каралды.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунушуна 17 депутат «каршы», 61 депутат «макул» деп добуш берди.

Белгилей кетсек, депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун караган комиссия корутундусун парламентке тапшырды.

Депутаттык комиссия Мадумаровду сунушталган төрт берененин бири – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу (кыргыз-тажик чек арасындагы 275 метр асфальт жол) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.

Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча (бийликти күч менен басып алуу, массалык баш аламандык) комиссия кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болгон эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз