Воскресенье, 28 апреля

Азербайжан жаңы курал-жарактарды сатып алууга камданууда

0

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жаңы учкучсуз учуучу аппараттарды (PUA) жана алыс аралыктуу, чоң кыйратуучу күчкө ээ жогорку тактыктагы ракеталарды сатып алуу үчүн көптөгөн келишимдерге кол койгондорун жарыялады.

Алиев армияны күчтөндүрүү үчүн кошумча кадамдарды таштагандарын билдирип: «2-Карабах согушунан кийин курал-жарак сатып алуу процессибиз уланууда. Жаңы учкучсуз учуучу аппараттарды, чоң кыйратуучу күчкө жана жогорку тактыкка ээ алыс аралыкка учуучу ракеталарды сатып алуу үчүн көптөгөн келишимдерге кол коюлду», — деди.

Алиев жүргүзүлгөн ийгиликтүү экономикалык саясатынын аларга жаңы курал-жарактар менен жабдууларды сатып алууга жана жаңы бөлүктөрдү түзүүгө мүмкүндүк бергендигин маалымдады.

Илхам Алиев Армения менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө да токтолуп: «Сүйлөшүүлөрдүн бүтүшү биз үчүн дагы, Армения үчүн дагы зарыл. Тынчтык келишимине эл аралык укуктун нормаларынын алкагында кол коюлушу керек. Келишимде согуштан кийинки реалдуулук да эске алынышы керек», — деп айтты.

Армян жетекчилеринин Азербайжандын жеринин бүтүндүгүн тааныганын эске салган Алиев: «Бул оң кадам бирок бул сөздөрдү кагаз бетине түшүрүү керек, Армения буга кол коюшу керек. Ушундай болгондо гана Түштүк Кавказда узак мөөнөттүү тынчтык орношу мүмкүн. Антпесе тынчтык болбойт. Биздин шарттардын бири да Зангезур коридорунун ачылышы болуп саналат», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз