Пятница, 10 мая

Орусияда төңкөрүш башталдыбы? (Видео)

0

Жума күнү, 23-июнь күнү кечинде “Вагнер” жалданма аскерлердин уюмунун жетекчиси Евгений Пригожин менен Орусиянын Коргоо министрлигинин ортосундагы көптөн бери уланып келе жаткан жаңжал жаңы чекке жетти. Пригожин Коргоо министри Сергей Шойгунун буйругу менен Вагнер лагерлерине ракеталык чабуул жасалганын айтты. Ошондон кийин Пригожин “адилеттик маршын” баштаганын жар салды.

“Вагнердин” жалданма аскерлери Орусия чек арасынан өтүп Ростов шаарына кирип барды. Пригожин Орусиянын коргоо министрлигине караштуу эки тик учманын атып жүшүрүлгөнүн айтты.

Пригожиндин мындай аракеттери аскерий төңкөрүш жасоо аракети катары кабыл алынды. Федералдык коопсуздук кызматы Пригожинге карата төңкөрүш жасоо аракети боюнча иш козгоду.

Муну менен катар айрым орус генералдары Вагнерге «президенттин артына бычак сайбоону» өтүнүп жатышат. Борбор калаа Москванын аскер гарнизону күжүрмөн даярдыкка келтирилди. Күч түзүмдөрү Дон шоссесинде тосмолорду коюп жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз