Пятница, 17 мая

“Вагнердин” жетекчисинин Ростовдогу видеосу жарыяланды (Видео)

0

“Вагнердин” жетекчиси Евгений Пригожиндин Ростовдо тартылды делген видеосу чыкты. Видеодо Евгений Пригожин өзүнүн жан жөөкөрлөрү менен шаарды кыдырып жүрөт. “Вагнер” Ростовду өз карамагына алганын жарыялады.

Муну менен катар Орсуиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Вагнердин согушкерлерин Пригожиндин буйругуна баш ийбөөгө жана аны камакка алууга чакырууда.

«Биз Жеке аскерий компаниянын жоокерлерин оңолгус ката кетирбөөгө, орус элине каршы күч колдонууну токтотууга, Пригожиндин кылмыштуу жана чыккынчылык буйруктарын аткарбоого жана аны кармоо боюнча чараларды көрүүгө чакырабыз», — деп айтылат ФСБнын коомчулук менен байланыш борбору тараткан билдирүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз