Пятница, 17 мая

Токтогул суу сактагычында балык багууну каалагандар үчүн сынак жарыяланды

0

Балык чарба департаменти Токтогул суу сактагычынын акваториясынын тилкелерин жана көлмөлөрүн пайдаланууга берерин айтып, ишкерлер арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Ага юридикалык жана жеке жактар катыша алат. Көлмө алуу үчүн арыз менен 24-июлга чейин кайрылуу керек.

Каалоочулар өздөрүн кызыктырган маалыматтарды алыш үчүн 0312 66-28-30 номерине кайрылса болот. Дал ушул телефон аркылуу сынактын комиссиясы кандай талаптарды коюп жатканын биле аласыздар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз