Орус бийлигине каршы козголоң баштаган Вагнердин негиздөөчүсү Егений Пригожин президент Владимир Путиндин «мекенге кыянаттык» менен айыптоосуна: «Биз патриотпуз. Согуштук жана согушуп жатабыз», — деп жооп берди.
Пригожин Телеграм каналындагы билдирүүсүндө Путиндин “кыянаттык” боюнча жаңылгандыгын айтты.
Пригожин Вагнердин мүчөлөрүнүн «патриот экендигин жана ар дайым мекен үчүн күрөшкөндүгүн» айтып: «Эч бир Вагнер мүчөсү өзүн күнөөкөр көрүп президент же Федералдык коопсуздук кызматынын талабы менен багынбайт. Анткени биз Орусиянын коррупция, жалган жана бюрократиянын ичинде болушун каалабайбыз», — деди.
Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожин лагерлерине орус армиясы тарабынан кол салуу болгондугун айтып, жооп кайтаруу үчүн аракетке өткөндөрүн айткан.