Суббота, 23 ноября

ӨКМ: Сууга чөккөндөр көбөйүүдө

0

Өлкө аймагында бир күндө эки өспүр үм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын бири Кадамжай районунда 27-июнь күнү саат 22:25 чамасында Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүнөн өткөн Ак-Суу дарыясына 2015-жылы Д.А. аттуу бала түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 13 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 киши тартылган. Куткаруучулар тарабынан саат 08:30та баланын сөөгү суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Дагы бири Ысык-Ата районунун Нижне-Серофимовка айылында Нооруз каналына 2011-жылы туулган К.А. аттуу жаш кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган. Куткаруу иштеринин жүрүшүндө кыздын сөөгү табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз