Пятница, 17 мая

 Нарында “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалы өттү

0

Нарын шаарында өтүп жаткан «Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фестивалынын алкагында мыкты шырдактар ​​аныкталды.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кароо-сынакка 230дан ашык шырдак коюлган.

«Мурас шырдагы» номина­циясы боюнча баш байге Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну Гүлсүн Калы­ковага ыйгарылды. Ал кайынэнеси 1933-жылы жасаган шырдакты 90 жылдан бери сакта­гандыгы үчүн 30 миң сом байгеге ээ болду.

Ал эми «Инновациялык шырдак» номинациясын­а Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну Нурай Эсенкано­ванын чакмак шы­рдагы татыктуу деп табылып, 40 миң сом ыйгарылды.

«Мыкты шырдак» деп Кочкор ра­йонунан келген уз Сайкал Ниязованын шырдагы бааланып, 50 миң сом байге алды.

Мындан тышкары, «Мыкты ала кийиз» номинация­сында Талас облусу­нан келген уз Кымбат Байматованын кол эм­геги жеңүүчү деп табылып 12 миң сом байге берилди. Тандалган эмгектер өлкөнүн музейлерине коюлмакчы.

Ошондой эле ондон ашык кол өнөрчүлөрг­ө 1 миң сомдон 10 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Фестивалдын жалпы байге фонду 300 миң сомду түзүп, бул каражатты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги каржылады. Мындан сырткары, Соода-өнөр-жай палатасы 40 миң сом өлчөмүндө колдоо көрсөттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз