Францияда 27-июнда полиция ачкан октун натыйжасында 17 жаштагы айдоочу Наэл М. каза болгондон кийин ар башка шаарларда коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосундагы кагылышууда 400дөн ашык киши кармалды.
Шейшемби күнү француз полициясы ачкан октун айынан жаш айдоочу Наэлдин өлүмүнө нааразы болгондор үч күндөн бери көчөгө чыгууда.
Окуядан кийинки биринчи түнү борбор шаар Париждин чет жакаларында демонстранттар менен полициянын ортосундагы тирешүү бүгүн кечинде Лион, Тулуза жана Лилль сыяктуу чоң шаарларга жайылды. Наэл каза болгон Нантер шаарында чыңалуу азайган жок.
Социалдык медиада чагылдырылган сүрөттөрдө унаалардын оодарылып өрттөлгөнүн, трамвай, автобус сыяктуу коомдук транспорттордун, таштанды челектеринин өрттөлгөнүн көрүүгө болот. Активисттердин фейерверк ыргыткан учурлары да сүрөттөрдө чагылдырылган.
Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин Твиттерде түн ичинде муниципалитет, мектеп имараттары жана полиция бөлүмдөрү өрттөлгөнүн же кол салууга дуушар болгонун билдирди.
Француз басма сөзүндө орун алган кабарга караганда түрдүү шаарларда полиция менен активисттердин ортосунда кагылышуулар болду.
Вильурбанна шаарындагы имаратта түнкүсүн өрт чыгып, түтүндөн жабыркаган 4 киши ооруканага жаткырылды. Өрт фейерверктен чыкканы болжолдонууда.
Нойли-сюр-Марн шаарында муниципалитеттин полициясына тиешелүү бардык унаалар өрттөлсө, Фреснес шаарында түрмөнүн кире беришинде фейерверк атылып, беткапчан адамдар түрмөгө кирүүгө аракет кылышкан.
Мындан сырткары тополоң кошуна Белгияга да жайылып жатат. Белгияда көчөгө чыккан жаштар унааларды өрттөп, полиция кызматкерлери менен кагылышууда.