Суббота, 18 мая

“Асман” шаары “Маздар-Ситиге” окшош болот

0

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусундагы Асман шаарынын курулушуна салтанаттуу түрдө старт берди.

Иш-чара «Асман» шаарынын курулуш долбоору тууралуу видеороликти көрсөтүү менен башталды.

Андан соң аталган долбоорду ишке ашырууга катышкан инвесторлор презентациялары менен чыгып сүйлөштү. Алар жаңы шаарда курула турган объектилер тууралуу кеңири айтып берип, курулушка дүйнөдөгү эң мыкты жана алдыңкы адистер тартыларын белгилешти.

Чет элдик инвесторлор — Түркия, Индия, Бириккен Араб Эмираттары, Катардан келген ири компаниялардын өкүлдөрү.

Бул компаниялар келечек шаарларын жана эко-шаарларды, IT-өнөр жайын, ири аэропортторду, мейманканалар, гольф-клубдар, тематикалык парктар, музейлер жана киноиндустриясын куруу, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча адистешкен.

«Асман» шаары акылдуу, коммерциялык, спорттук жана көңүл ачуучу борборлор жайгашкан төрт зонага бөлүнөт.

500-700 миң тургунга эсептелген шаар 7-10 жылдын ичинде Арабиядагы Неом, Эмираттардагы Маздар-Сити, Швециядагы Вестерн Харбор, Кытайдагы Күнөстүү өрөөн сыяктуу ийгиликтүү долбоорлорго окшош болуп курулат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз