Суббота, 4 мая

Бишкектин борбордук бөлүгү убактылуу жабык болот

0

Бүгүн 1-июль күнү Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейин убактылуу жабык болот. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

Маалыматка ылайык 1-июль күнү Ала-Тоо аянтында “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын баш байгеси ойнотулат. Жогоруда көрсөтүлгөн бөлүктө саат 18:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин унаа менен жүрүүгө болбойт.

Мэрия жашоочуларды маршруттарын алдын ала пландап алууга чакырды. Белгилей кетсек, баш байгеге 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо коюлган. Мындан тышкары, иш-чараны көрүүгө келгендердин арасында кошумча 15 смартфон ойнотуларын Салык кызматы билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз