Пятница, 17 мая

Бишкекте Түркиянын улуттук-боштондук күрөшүнүн 100 жылдыгы белгиленди

0

21-майда Бишкектеги “Сейтек” жаштардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачыл борборунда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин уюштуруусунда Түркия Республикасынын улуттук-боштондук күрөшүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык иш чара болду.

Бул салтанатка Кыргызстандагы чет элдик элчилер, кыргыз коомчулугу, түркиялык дипломатиялык корпустун кызматкерлери, студенттер менен окуучулар катышты.

Алгач Түркия менен Кыргызстандын гимндери аткарылып, андан соң коноктордун алдында Түркиянын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат сөз сүйлөдү. Ал мындан туп-туура 100 жыл мурда Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрк өз мекенине кол салган сырткы душмандардын кантип мизин кайтарып, ташын талкан кылгандыгы тууралуу айтып берди. “Улуу жол башчыбыз Мустафа Кемаль Ататүрк жаңыдан түптөлө баштаган Түркия Республикасына сырттан бир нече мамлекеттер биригип кол салганда жалтактап калбай, Стамбул аркылуу Самсун шаарына өтүп, армиянын алдыңкы сабында өзү согушту баштап жүргөн. Ал эң оболу жаш мамлекеттин келечеги болгон жаштарга кайрылып, мекенин баатырларча коргоого үндөгөн. Бүгүнкү гүлдөгөн Түркия Республикасынын түптөлүшү үчүн нечендеген мекенчил уулдарыбыз душман менен баатырларча салгылашып, канын төккөн”,- деди элчи.

Андан соң Бишкектеги Анатолия кыздар лицейинин окуучулары түрк, кыргыз, кавказ жана башка элдердин улуттук бийлерин аткарышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кеченин конокторуна белгилүү ырчы Юля Руцкая ырларын тартуулады.

1919-жылы 19-майда Мустафа Кемаль Ататүрк Самсун шаарында түркиялык жаштардын алдына чыгып сүйлөгөн. Бул дата жыл сайын Түркияда Мустафа Кемаль Ататүрктү эскерүү жана жаштар жана спорт майрамы катары белгиленип келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз