Пятница, 3 мая

Кыргыз кызы Эрдогандан Умрага жолдомо утуп алды

0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын 2018-жылы өз өлкөсүндө билим алган чет элдик студенттер үчүн Умрага (кичи ажылык) жолдомону кыргызстандык студент кыз Диана утуп алган.

Диана Түркиянын Кайсери шаарындагы Эржиес университетинде окуйт, келечектеги дипломат, төрт тилде эркин сүйлөйт. Ош шаарында төрөлүп, Жалал-Абад шаарында орто мектепти аяктаган. 2017-жылы “Түркия стипендиясы” программасынын алкагында Түркияга окууга тапшырып, өтүп кеткен. Кыргызстандык студент 2018-жылы Стамбулда Түркиянын президентинин чет элдик студенттер менен болгон жолугушуусунда Умрага жолдомо берүү боюнча конкурс уюштурулуп, 10 миң студенттин арасынан бактылуу билеттин ээси болгон. Диана быйыл, 2019-жылы февраль айында жолдомого ээ болгон 10 студенттин катарында Сауд Аравияга барып, Медина, Мекке шаарларына барып-келди. “Мага бул өтө күтүлбөгөн белек болду. Анткени мурда телевизордон көргөн Кааба ташын көрүп, толкундагандан ыйлап жибердим. Он студент Умрага барып,дагы он студент акчалай сыйлык алышты. Өзүм мусулман үй-бүлөдөнмүн, беш убак намаз окуймун”,- деди Диана.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз