Суббота, 27 апреля

Орусиянын камакка алынган 200 млрд долларына ким кызыгууда?

0

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусиянын Борбордук банкынын камакка алынган (тоңдурулган) активдеринен түшкөн кирешеге басым жасаган сунушту даярдай тургандарын айтты.

Фон дер Ляйен менен Европа кеңешинин төрагасы Шарльз Мишель Бельгиянын борбор шаары Брюсселде  Европа Биримдигинин лидерлер саммитинин акырында өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.

Саммитте камакка алынган орус активдерин талкуулагандарын белгилеген фон дер Ляйен: «Комиссия тоңдурулган активдер тууралуу сунуш даярдайт. Бул сунуш этияттык менен Орусиянын Борбордук банкынын тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешеге көңүл бурабыз», — деди.

Орусиянын Украинадагы чоң кыйроодон жооптуу экендигин айткан Фон дер Ляйен: «Украинанын инфраструктурасынын  чоң бир бөлүгүн жок кылган Орусиянын мунун оңдолушуна жана кайрадан курулушуна салым кошпошу сөз боло албайт», — деди.

Фон дер Ляйен эл аралык өнөктөштөр менен жакын кызматташтык ичинде орус активдеринин орус активдеринин күтүлбөгөн пайдасына этият мамиле кыла тургандарын баса белгилеп, Европа Борбордук банкынын  бул тууралуу көз карашын жана тынчсыздануусун  олуттуу кабыл алганын белгиледи.

Европа Кеңешинин төрагасы Мишель да: «Биз өнөктөштөр менен Украина үчүн тоңдурулган активдерди пайдалануу боюнча аракеттерди улантышыбыз керек», — деди.

«Бул акчанын бир бөлүгүн Украинанын келечеги үчүн колдонуу адилеттүү болот деп ойлойбуз», — деген Мишель алардын абдан олуттуу экендерин жана бул абалга кенен түрдө баа бергендерин баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз