Пятница, 10 мая

Караколдогу этно фестивалда Ош шаары биринчи болду

0

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Жолболду уулу Садыр Акенин 200 жылдык, Байсары уулу Кыдыр Акенин 180 жылдык мааракелерине арналган «Улут баскан улуу жол» аттуу IV этно фестивалынын алкагында өткөн кароо-сынактарда Ош шаары байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

«Фольклордук этно топтордун салттуу музыкасы» жана «Этно мода» сынагында 1-орундарды камсыздашса «Хан боз үйлөр жасалгасы жана каада-салт» сынагында 2-орунга татып, акчалай сыйлыка татышты.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Улут баскан улуу жол» аттуу этно фестивалдын алкагында эл аралык «Кыргыз-Казак» айтышы, «Ысык-Көл – Боз үй мекени», «Хан боз үйлөр» жана «Каада салт», «Колөнөрчүлөр жана шырдак дүйнөсү», «Этно мода», «Фольклордук этно топтордун салттуу музыкасы», «Тарыхтан калган так теке» сынактары уюштурулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз