Четверг, 5 декабря

Түркиядагы кыргызстандык дарыгерлер Анкара чогулду

0

Түркиянын ар кайсы шаарларында эмгектенип жүрүшкөн кыргызстандык дарыгерлер Анкаранын «Мави Гөл» (Көк көл) деп аталган сейил багында чогулуп иш-чара өткөрүштү. Иш-чараны Түркиядагы Кыргыз дарыгерлер биримдиги уюштуруп Түркиянын ар кайсы шаарларынан жүздөн ашуун дарыгерлер үй-бүлөлөрү менен кошо катышышты.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин Анкарадагы консулу Салтанат Султанова жана маданият атташеси Бегимай Бактыбек кызы катышып дарыгерлерге ийгилик каалашты. Салтанат Султанова өз сөзүндө дарыгерлердин кандай көйгөйлөрү бар экенин билишээрин жана ал маселелерге туруктуу чечим табуу үчүн тийиштүү тараптар менен иштешип жаткандарын айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз дарыгерлер биримдиги тарабынан даярдалган кыргыз тамактары эртең менен, түштө жана кечинде үч маал берилип, бир аз болсо да Кыргызстанга болгон сагыныч жазылды. Аны менен катар катышуучулардын көңүлдүү отурушун камсыздоо үчүн  кызыктуу интеллектуалдык оюндар уюштурулуп, командалардын арасынан жеңүүчүлөр белгиленди. Шахмат жана волейбол оюндарына кызыккандар да кайдыгер калбай кызуу ойноп жатышты.

Жеңүүчүлөргө Түркиядагы дасыккан дарыгер Эркин Орозакунов жана жеке ишкер Нургүл Капарованын демөөрчүлүгүндө сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чараны өткөрүүнүн максаты дарыгерлердин бири-бири менен таанышып, бирдиктүү биримдиктин айланасында чогулуу экенин Кыргыз дарыгерлер биримдигинин төрагасы, педиатр доктур Асан Муратов билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз