Израилдин 25 даана F-35 Lightning II согуштук учактарын сатып алуу боюнча АКШ менен келишимге кол койгону кабарланууда.
Израилдин Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта АКШ менен 3 миллиард долларлык келишим менен үчүнчү флоттун F-35 жашыруун согуштук учактарынын сатып алынышына уруксат берилгени белгиленди.
Билдирүүдө учактардын Израилдин АКШдан алган коргонуу жардам пакети менен каржылана турганы, акыркы буйрук менен Израилдин Аба күчтөрүнүн инвентарындагы F-35 саны 75ке, эскадрильялардын саны 3кө жете турганы белгиленди.
АКШ мурдагы президенттерден Барак Обаманын тушунда 2017-2028-жылдар аралыгында Тель-Авивге 38 миллиард доллар грант бөлүүгө милдеттенме алган.
