Воскресенье, 19 мая

Бажы кызматы тарабынан бургулоочу машиналар боюнча мыйзам бузуу аныкталды

0

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан Кыргызстанга алып келинген бургулоочу машиналар боюнча мыйзам бузуу аныкталды. Бул туурасында аталган мекеме билдирет.

2022-жыл аралыгында Түркиядан «П.С.С.И.Т» ЖЧКсынын дарегине «PD 500» үлгүсүндөгү 6 бургулоочу машиналар келген жана алар «Убактылуу ташып келүү» жол-жобосу боюнча бажы шарттарында таризделгени аныкталган.

Бирок кийинчерээк аталган жол-жободо каралган мөөнөттөр бузулуп, натыйжада Кыргызстандын бюджетине туумдарды кошпогондо 4 млн 503 миң 340 сом зыян келтирилген.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз