Суббота, 4 мая

Бишкекте аялдар акысыз медициналык текшерүүдөн өтө алышат

0

Улуттук онкология жана гематология борборунда аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Текшерүүдөн өтүүнү каалаган аялдарды Кытайдан келген Нанкин медициналык университетинин адистери карайт. Каалоочулар 6-июлдан 13-июлга чейин Улуттук онкология борборуна (2-корпус, 2-кабат, 217-бөлмө) бара алышат.

Кабыл алуу 0550 58 57 56, 0706 30 77 50 телефондору аркылуу алдын ала жазылуу жолу менен жүргүзүлөт. Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ болушу керек.

Текшерүү төмөнкү учурларда жасалбайт:

▪️кош бойлуулук

▪️этек кир

▪️жыныстык жашоо баштай элек кыздар

Скринингден өтүүдөн 2 күн мурун жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз