Пятница, 22 ноября

Кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин эстелиги тургузулду

0

Кыргыз Республикасынын Баатыры, алп кинорежиссёр Болотбек Шамшиевге «Ала-Арча» тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө эстелик тургузулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

“Болот Шамшиев “Кыргыз кереметинин” режиссёрлорунун бири катары дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына кирген залкар инсан. Анын эмгектери СССРде гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы белгилүү болгон. Болот Шамшиев кыргыз киносу дүйнөлүк атактуу режиссёрлордун чыгармалары менен тең тайлаша алаарын бир нече жолу далилдеди. Биз бул улуу кинорежиссердун инсандын руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизген тасмаларында чоңойдук. Анын элеси замандаштарынын жүрөгүндө жашайт”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров өз сөзүндө.

Ал ошондой эле 2022-жылы президенттин Жарлыгы менен Болотбек Шамшиевге “Ак шумкар” өзгөчө белгиси менен эң жогорку өзгөчөлүк – “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылганын кошумчалады.

“Болотбек Шамшиевдин ысымы кыргыз маданиятында жана кино искусствосунда түбөлүк алтын тамгалар менен жазылат”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Болотбек Шамшиев «Ак кеме», «Караш-Караш окуясы», «Сүйүү закымдары», «Адамдардын арасында», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан», «Снайперлер», «Фудзиямадагы кадыр түн» жана башка атактуу кинолордун режиссёру болгон.

Болотбек Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз