Понедельник, 6 мая

Оштон Жиддага туруктуу жаңы каттам ачылат

0

Жидда — Ош — Жидда багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы каттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Учууларды Сауд Арабиясынын Flynas авиакомпаниясы 21-августтан тарта аткара баштайт деп күтүлүүдө.

«Ош» эл аралык аэропортунан «Абдулазиз падыша» эл аралык аэропортуна туруктуу каттам биринчи жолу ишке ашырылат. Airbus A320neo учактары жумасына үч жолу учмакчы», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Оштон Жиддага чартердик гана каттамдар болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз