Воскресенье, 5 мая

Кыргызстандыктардын Түркияда визасыз жүрүү режимин узартуу талкууланды

0

Кыргызстан Түркияга визасыз режимдин мөөнөтүн узартууну сунуштады. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

КРдин Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев аталган өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ менен жолугушкан. Анда кыргызстандыктардын Түркия аймагында жүрүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.

«Кыргыз тарап эки өлкө элинин өз ара сапарлары, анын ичинде ички паспорттор боюнча жана Кыргызстандын жарандары үчүн Түркиядагы визасыз режимдин мөөнөтүн 90 күндөн 180 күнгө чейин узартуу маселелеринин маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ошондой эле Түркияда жашоого уруксат алуу шарттарын жеңилдетүү жана алардын мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн узартуудан баш тартууларды азайтуу өтүнүчү айтылды», — деп жазылат маалыматта.

Элчи түрк кесиптештерине мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына айыпсыз жана тыюу салуусуз чыгып кетүү, андан ары мыйзамдаштыруу максатында миграциялык мунапыс берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну да сунуштаган.

Өз кезегинде Мехмет Акташ кыргыз тараптын сунуштарын карап жана Түркиянын кызыкдар органдары менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз