Вторник, 30 апреля

Жасалма диплом чыры: Дагы эки депутат мандатынан ажыратылды

0

Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов мандатынан ажыратылды. Аталган чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Аталган депутаттардын диплому жасалма экени аныкталган. Бул боюнча Билим берүү министрлигинин өкүлү маалымат берди, ошондой эле БШКнын жумушчу тобу да иликтеп чыккан.

Белгилей кетсек, Фархат Исмаилов «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен депутат болуп шайланган, ал эми Фарходбек Алимжанов «Альянс» фракциясынын тизмеси менен мандат алган.

Өткөн жылдын апрель айында УКМК аталган депутаттар жасалма диплом алууга шектелип жатканын билдирген болчу. Андан соң Алимжанов маселени четке кагып, дипломду өзү окуп алганын билдирген. Ошол бойдон бул маселе каралбай токтоп калган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз