Понедельник, 6 мая

ЖОЖдорго кабыл алуудагы босого балл белгилүү болду

0

Жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, ал эми предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Педагогика багыты боюнча бюджеттик орундарга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы-115, предметтик тест-60 балл болуп бекитилди.

Педагогика багыттарына келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча-110, предметтик-60 балл.

I жана II топтогу майыптыгы бар жарандарды кабыл алуу үчүн(медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест-105, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест-100 балл болуп бекитилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз