Суббота, 4 мая

Караколдо жоголгон эки наристе кыздын сөөгү табылды

0

Каракол шаарында жоголгон беш жана эки жаштагы эже-сиңдинин сөөгү табылды, алардын сууга агып кеткени аныкталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Облустук милция билдиргендей, наристелер 6-июль күнү саат 15.00дөр чамасында үйдөн чыгып кеткен. 34 жаштагы тургун 2 жана 5 жаштагы кыздары жоголуп кеткенин айтып, кечинде милицияга кайрылган.

Шаардагы камералардан караганда, кыздар “Каракол” суусун көздөй кеткени аныкталып, милиция менен куткаруучулар издей баштаган. Кыздардын сөөгү бүгүн Бөрү-Баш айылынын аймагынан табылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз