Суббота, 4 мая

Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

0

СССРдин эл артисти, советтик, кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буйрукта белгиленгендей, №375 уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитиши керек.

Иш-чараларды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.

СССРдин эл артисти, советтик, кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы:

Кызматы боюнча:
— Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
— Билим берүү жана илим министри;
— Тышкы иштер министри;
— Финансы министри;
— Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
— Бишкек шаарынын мэри;
— Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;
— Улуттук илимдер академиясынын президенти;
— Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
— Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
— Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким (макулдашуу боюнча);
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору;
— «Кыргызстан театр ишмерлер союзу» коомдук бирикмесинин төрагасы;
— Кыргызстан Кинематографисттер союзунун коомдук бирикмесинин төрагасы;
— Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору;
— Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору;
— Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору;
— «Кыргыз Туусу»гезитинин башкы редактору;
— «Эркин-Тоо»гезитинин башкы редактору.
Жекече:
— Ажыбекова Гулсайра Ажыбековна-Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
— Бекболиев Эгемберди Жайлообекович-Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча).

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз