Воскресенье, 19 мая

Камчыбек Ташиев матчество боюнча пикирин билдирди

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баланы энесинин атына каттоого каршы экендигин билдирди. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Матчествого» жол жок. Аны ким кабыл алган болсо, өзү жокко чыгарсын! Бул менин жарандык позициям», — деди Ташиев.

Буга чейин Кыргызстанда бул маселенин айланасында ызы-чуу чыккан. 2-июлда кыргызстандык активист Алтын Капалова Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген. Бул маселе боюнча ал көптөн бери соттошуп келе жаткан, активисттин арызын Жогорку Сот үстүбүздөгү жылдын февралында кароо үчүн кабыл алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз