Понедельник, 6 мая

Кыргызстандын Монголиядагы элчиси дайындалды

0

Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Артыкбаев Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.

Ал резиденциясы Улан-Батордо жайгашкан биринчи элчи болот. 9-11-июлда Садыр Жапаров Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Анын алкагында элчиликтин ачылыш аземи күтүлүүдө.

Буга чейин Монголиядагы элчилик кызматын Кыргызстандын Кытайдагы дипломатиялык өкүлү кошо аткарып турчу.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз