Украинанын президенти Владимир Зеленский Кара деңиздеги Жылан аралына барганын билдирди. Зеленский социалдык баракчасынан бүгүн Орусия-Украина согушунун 500-күнү экенин белгиледи.
Жылан аралына барганын айткан Зеленский бул аралды «эркин Украинанын эркин аралы» деп мүнөздөдү.
Зеленский: «Бул жерде баскынчыларга каршы күрөшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем. Бул салгылашта каза болгон баатырларды эскердик. Кара деңизибизде коопсуздук үчүн күрөшкөндөргө даңк!», — деди.
Кара деңиздин Украина жээгиндеги Жылан аралы 2022-жылдын февраль айында орустардын көзөмөлүнө өтүп, ошол эле жылдын июнь айынын аягында украин армиясы тарабынан бошотулган.