Воскресенье, 19 мая

Кыргызстан Индиядан 200 млн доллар карыз алууга даярданууда

0

Кыргызстан Индиянын Экспорттук-импорттук банкынан 200 миллион доллар кредит алары күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясы Нью-Дели шаарына барып аталган банктын жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен консультацияларды жүргүзүшкөн.

«Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, кыргыз жана индия өкмөттөрүнүн ортосундагы долбоорлор талкууланды. Анын ичинде Индиянын Экспорттук-импорттук банкынан 200 миллион доллар өлчөмүндө күтүлүп жаткан кредиттик линия жана тез таасир берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттык жардам боюнча пикир алмашуу болду», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз