Воскресенье, 19 мая

Кайсы аймакта канчада электр жарыгы өчөт? График

0

Бүгүн, 10-июлда, борбор калаанын айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармагы» ишканасы кабарлады.

Уюмдун бригадалары бул күнү оңдоо иштерин жүргүзөт.

Жарык өчө турган жерлер:

9:30дан 12:00гө чейин — Исакеев, Валиханов көчөлөрүндө жана Кара-Жыгач конушунда;

9:30дан 15:00гө чейин — Жибек Жолу проспектисинин, Осмонкул, Тургенев, Древесная жана Кирпичная көчөлөрүнүн кесилиштеринде;

9:30дан 18:00гө чейин — Байтик Баатыр, Ахунбаев, Элебаев, Широкая, Новосельская жана Керамическая көчөлөрүнүн кесилишинде;

9:00дөн 13:00гө чейин — Манас, Дэн Сяопин проспектисинин, Рыскулов, Стаханов, Карульский көчөсү менен Карульский кууш көчөсүнүн кесилиштеринде;

9:00дөн 17:00гө чейин — Ч. Айтматов проспектисиндеги №41 үйдө, 8-кичи райондогу №9 үйдө, Матыев, Абдыкадыров, Красная, Островский, Тайшетская, Шмидт, Леваневский, Төмөнкү Ала-Арчадагы Коллекторная көчөлөрүнүн кесилишинде, Арча-Бешик (Дабан, Азамат, Береке, Улар көчөлөрүндө), Ак-Босого (Профессор Зима, Чүй-56) жана Көлмө (Мурас, Мыскал) конушунда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз