Вторник, 7 мая

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо аяктады

0

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо аяктады. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 17:00гө карата шайлоочулардын 69,85% добуш бергенин билдирди.

Бул Өзбекстандын тарыхында кезексиз өткөн алгачкы президенттик шайлоо болуп калды. Ага талапкер катары Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, «Адолат» социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушүкүр Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев катышты. Бул шайлоодо талапкерлигин коюуга аракет кылган оппозициянын өкүлү Хидирназар Аллакуловдун «Чындык жана тилектештик социал-демократиялык партиясын» Юстиция министрлиги каттоодон өткөргөн эмес. Буга талапкерди колдогондордун колтамгалары жетишсиз экени жүйөө келтирилген.

30-апрелдеги референдумда Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. Жаңы баш мыйзамда президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин узартылып, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилген. Буга байланыштуу 2016-жылдан бери бийликте турган азыркы президент Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтү жокко чыгарылып, ал 2037-жылга чейин эки жолу мамлекет башчы болуп шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

36 миллиондон ашуун калкы бар Өзбекстанда добуш берүү укугуна ээ жарандардын саны 19 миллион 270 миңден ашат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз