Пятница, 22 ноября

Баткенде 40, Нарында 30 градус. Аба ырайы тууралуу маалымат

0

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 12-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +34…+39, Талас облусунда +33…+38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35…+40, Ысык-Көл, Нарын облустарында +25…+30 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +36…+38 градуска чейин жогорулайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз