Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинага кыйратуучу күчү жогору жана алыс аралыкка учуучу ракеталарды жөнөтө тургандарын жарыялады.
НАТО саммити үчүн Литванын борбор шаары Вильнюска барган Макрон Швециянын НАТОго кошулушу үчүн Түркия менен түзүлгөн келишимди кубаттаганын айтты. Макрон Финляндиянын НАТОго мүчө катары столдо отургандыгына кубанычтуу экендигин белгиледи.
Франциянын Украина-Россия согушунун башталышынан бери НАТОнун Чыгыш канатында аскерлерин күчтөндүргөндүгүн белгилеген Макрон 1000 француз аскеринин Румынияда, 300 француз аскеринин Эстонияда экендигин айтты.
Мындан сырткары Эммануэль Макрон Украинага кыйратуучу күчү жогору алыс аралыкка учуучу жаңы ракеталарды жөнөтө тургандарын белгиледи. Украинага кошумча курал жана аскердик ок-дарылардын жөнөтүлө турганын белгилеген Макрон, Орусиянын бул согушта жеңбеши керектигин белгиледи.
Улуттук басма сөздө Франциянын Украинага SCALP тибиндеги ракеталарын жөнөтө тургандыгы маалымдалды.